"Жалал-Абад" аэропортунда бир жылга токтотулган жүргүнчүлөр каттамы бүгүн болжол менен саат 14:10до жанданат. Муну бүгүн, 28-декабрда SUPER.KG'ге аталган аэропорттун жетекчиси Закир Мамасеитов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн саат 13:40та Бишкектен Жалал-Абадды көздөй жүргүнчүлөрдү ташыган учак учуп чыгат. “Учак болжол менен 30 мүнөттө Жалал-Абаддагы аэропортко конуп, кайра 15:00дө борборго учуп кетет. Учурда биз жумасына эки каттам болот деп пландап жатабыз. Учак 100 орунга ылайыкташкан”,- деди жетекчи.
Мамасеитовдун айтымында, быйыл “Манас” Эл аралык аэропортунун каражаты менен "Жалал-Абад" аэропортунда 7 миң чарчы метр учак жолу оңдолгон. Ага 6 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. “Жалал-Абад" аэропортунда былтыр октябрь айынан бери жүргүнчүлөрдү ташыган каттамдар токтогону менен, тик учак жана башка учактардын түрлөрү учуп-конуп, жумуш жүрүп жатты. Элде "аэропорт иштебей калды" деген туура эмес түшүнүк пайда болгон экен”,- деди ал.