Америка Кошмо Штаттарынын Конгрессинин алдындагы Изилдөө кызматы курал-жарактарды экспорттоо боюнча Орусияны АКШдан кийин, башкача айтканда, экинчи орунга койду. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, 2013-жылы Орусия курал-жарак сатуу менен 10,3 миллиард доллар киреше тапса, 2014-жылкы кирешеси 10,2 миллиард долларды түзгөн. Ал эми АКШ бул тармактагы кирешесин 10 миллиардга көбөйтүп, өзүнүн лидерлигин сактап калды.
"2013-жылы америкалыктар 26,7 миллиард долларга курал-жарак сатышса, 2014-жылы бул көрсөткүчүн 36,2 миллиардга чейин көтөрүшкөн. Кирешенин мындай өсүшүн Катар, Сауд Арабия жана Түштүк Корея менен түзүлгөн келишимдери боюнча түшүндүрсө болот. Натыйжада АКШ дүйнөлүк курал-жарак рыногунун 50 пайызын ээлейт.
Үчүнчү орунда 5,5 миллиард доллар кирешеси менен Швеция турат. Андан кийин Франция (4,4 миллиард доллар) жана Кытай Эл Республикасы (2,2 миллиард доллар) турат",- деп жазышат басылмалар.