Бишкекте спайс саткан жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын (БКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-декабрда шаардын Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде БКМКнын кызматкерлери 1987-жылы Чүй облусунда туулган жаранды кармашкан. "Ал интернеттеги социалдык тармактар аркылуу психотроптук заттарды сатып жүргөнү аныкталган. Текшерүүдө анын жанынан жалпысынан 4 грамм 540 миллиграмм спайс табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган адам 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.