Бишкекте 2-ирет уюштурулган "Ынтымак" Спартакиадасында командалык эсепте Чүй облусунун курамасы жеңүүчү аталды

26-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 2-ирет уюштурулган "Ынтымак" Спартакиадасынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда жалпысынан өлкө аймагынан 260 спортчу катышып, 4 спорт түрү боюнча (волейбол, кичи футбол, жеңил атлетика, аркан тартыш) күч сынашты.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеште жалпы командалык эсепте 1-орунду Чүй облусунун курамасы багындырды. Кийинки эки байгелүү орунду Жалал-Абад жана Талас облустарынын спортчулары камсыздашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан