Бүгүн, 28-декабрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балаты майрамы өткөрүлдү. Аяз ата, Аяз кыз баштаган жомок каармандарынын катышуусу менен коштолгон оюн-зоок программасына облустагы мектеп окуучуларынын мыктылары, томолой жетимдер, социалдык жетимдер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышты.
Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлагандай, облус башчы Аманбай Кайыпов куттуктоо сөзүндө өлкөнүн келечегинин кең болуусу үчүн балдарга тиешелүү деңгээлде көңүл буруу керектигин айтты. Андан соң ал чогулган балдарга белектерин тапшырды.
Быйыл балдарга майрамдык маанай тартуулоо үчүн өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 195 миң сом бөлүнүп, 229 томолой жетим балага белектер таратылды.