Ош шаарынын №18-мектеп-гимназиясында 5-6-7-класстын окуучулары математика, англис тили, кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарынан ата-энелери менен биргеликте сынак тапшырышты. Иш-чаранын негизги максаты ата-энелердин балдарынын билимине, тарбиясына көңүл буруусун жана мугалимдер менен ата-энелердин биргеликте тыгыз иш алып баруусун шарттоо болду. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
“Азыркы учурда көпчүлүк ата-энелер балдарынын окуудан сырткары эмне менен алек болгонуна, билимине, мектептеги жетишкендиктерине жана тарбиясына кош көңүл болууда. Биз өз билимибизди балдарга арнап жатабыз. Ата-энелер да биз менен тыгыз байланышта болуп, баласынын окуусуна, тарбиясына көңүл бурушса, жыйынтыгы жакшы болмок”,- дейт мектеп-гимназиясынын директору Турдайым Карамырзаева.