Бишкек шаарынын мэриясы шаардын тургундары жана коноктору үчүн 31-декабрга карата таңкы жана кечки блоктон турган кызыктуу жаңы жылдык программа даярдаганын билдирди. Таңкы блок саат 10:00дө "Ала-Тоо" аянтынан башталып, ал жерден жомок каармандары, куурчактар менен авточиркешке старт берилет. Алар баш калаанын борбордук көчөлөрү менен жүрүп, тургундарды куттуктап, элди оюн-тамашаларга кошулууга чакырышат.
Кербен төмөнкү багыт менен жүрөт: "Ала-Тоо" аянты-Чүй кең көчөсү, Манас кең көчөсү-Ахунбаев-Байтик баатыр-Чүй кең көчөсү-"Ала-Тоо" аянты. Авточиркеш баш калаанын көчөлөрү менен жүргөндө, "Ала-Тоо" аянтында Аяз ата жана Аяз кыздан майрамдын катышуучулары үчүн интерактивдүү оюндар, байге жана белектер коюлган мелдештер өткөрүлөт. Көрүүчүлөр №4-балдар музыкалык искусство мектебинин, "Улыбка" бий ансамблинин жана башка чыгармачыл топтордун концерттик номерлерине күбө болушат.
Белгиленген маршруттун аягында жүрүштүн катышуучуларын аянттын чыгыш жагынан, "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында мэриянын үйлөмө аспаптардан түзүлгөн оркестри тосуп алат. Андан соң авточиркеш оркестрдин коштоосунда "Ала-Тоо" аянтына бет алат. Таңкы блок майрамдык концерттик программа менен аяктайт.
Кечки блок "Ала-Тоо" аянтында 21:00дө чыгармачыл топтордун концерттик программасы менен башталат. 22:00дө эстафета "Кыргызстан обондору" радиостанциясына берилип, концерт менен коштолот. Жаңы жылдык иш-чара 00:00дө майрамдык салют менен аяктайт. Мындан тышкары аймактарда элдик оюн-тамашалар уюштурулат.