Таразда хирургдар 11 жаштагы кыздын ашказанынан 1 килограммдан ашык чач алып чыгышканын казакстандык телеканалдар маалымдашты.
Кыздын ашказаны ооруп, аны түн ичинде ооруканага алып келишкен. Ал тамак жеп-иче албай калган. Бул чоң чач топтому ашказандын 17 сантиметрин, ичегилеринин 35 сантиметрин ээлеген. Ашказандан алынып чыккан чач калыңдап, чырмалышып, кийиз сымал болуп калган.
Маалым болгондой, бул оору сейрек кездешип, нерв системинин бузулушунан болот. Мындай оору менен ооругандар кыжырланганда өзүнүн чачын чайнап, жута башташат.
Эске сала кетсек, мындай окуя былтыр кыргыз өлкөсүндө да болгон. Анда дарыгерлер 23 жаштагы кыздын ашказанынан 800 грамм чач алып чыгышкан.