Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун 114 жаштагы тургуну Алма Назарбековадан мамлекетибиздин атын дүйнөгө чыгарган спортчулары кабар алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Дүйнөнүн жана Азиянын чемпиондору Данияр Бабакулов, Азат Усеналиев, Уланбек Касымбеков, Рустам Тыналиев, Орозбек Афтандил уулу жана Кубанычбек Көкүмов Алма апанын жашоо шарты менен таанышып, ден соолугун сурап, атайын алып келген белектерин тапшырып кайтышты. Спорт чеберлеринин бул аракетине кубанган Алма апа спортчуларга бата берип узатты. “Силердин келгениңердин өзү мага майрамдык белек болду. Силер да менин жашыма жеткиле. Жолуңар ачык болуп, жамандык көрбөгүлө”,- деди Алма апа.
"Жылдын мыкты спортчулары Жалал-Абаддын жаштары менен жолугушуу кечесин өткөрүштү. Жолугушуунун алкагында спорт жылдыздары жаштар менен таанышып, аларды кылмыштуулуктан алыс болууга жана мекенди сүйүп, коргоого чакырып, жаштарды кызыктырган суроолорго жооп берип, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү",- деп айтылат маалыматта.