Министрдин орун басары Жаңы жыл күнү электр энергиясы өчүрүлбөй турганын айтты

2016-жылдын 2-январынан тарта электр энергиясына болгон чектөөлөр өлкө боюнча кайра киргизилиши мүмкүн. Муну бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйындын жүрүшүндө экономика министринин орун басары Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу авариянын кесепетинен 600 мегаваттка төмөндөдү. "Кубаттуулук 2 эсе азайды. Мындан улам киргизилген чектөөлөр болду. Бүгүн чектөөлөр Жаңы жыл майрамына байланыштуу убактылуу токтотулду. 2-январдан баштап биз чектөөлөр боюнча маселени карап баштайбыз, анткени акыркы 40 жылдан бери бизде кабелдер аварияга учураган эмес болчу. Учурда күнү-түнү адистер бул маселе боюнча экспертиза өткөрүп жатышат”,- деди Калиев.

Мындан тышкары ал Токтогул ГЭСинде 40 жылдан бери иштеп жаткан кабелдик линиялар дүйнө жүзүндө эч жерде чыгарылбаганын баса белгиледи. "Кечээ болгон авариянын кесепетинен кабелдердин биринде май катуу аккан. Ал май дагы Японияда гана чыгарылат",- деп кошумчалады чиновник.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mbk
2015-12-29 15:18:39
Россияда деле сатылат ал май, билип-билбей эле суйлой берсе болот экен да
+2
zikirovna
2015-12-29 16:33:54
Планшет менен кресло алгандын ордуна япониядан май сатып албайсынарбы кабелдик линия бул болбогон эле шылтоо
0
future_kg
2015-12-29 17:33:31
Окуп алып кулкум келди , бир гана жапония да чыгат имиш . Кайдагы жомокту айтасынар. Россиядан эле чыгат . эптеп акча жейбирейли деп , Айла амал издеп жаткандарын кара, ХХХ.
0
admin_superstan
2015-12-30 09:47:18
future_kg,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
0
Zhoodarbek-myrza
2015-12-29 22:02:13
Адамдын гана жанын кашайтышат да, ХХХ. 124 мин сомго планшет аласынарго, кабельди да майды да табасынар! Болбосо эл карап турбайт силерге окшогон ХХХ ишенип
0
admin_superstan
2015-12-30 09:49:32
Zhoodarbek-myrza,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан