Токтогул ГЭСинде авариялар болгондугунан улам кыргыз мамлекети чет өлкөдөн электр энергиясын сатып алары күтүлүүдө

23-декабрда жана 28-декабрда Токтогул ГЭСинде болгон эки аварияга байланыштуу электр энергиясын чет өлкөдөн импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйындын жүрүшүндө экономика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, ГЭСтин кубаттуулугу 1200 киловаттан 600 киловаттка түшүп, эки эсе азайгандыгына байланыштуу ушундай кадамга баруу чечими келип чыккан. “Учурда Токтогул ГЭСинде болгон эки авария боюнча Орусиядан келген атайын адистер иш алып барышууда. Мындан тышкары биздин адистер консультация алуу үчүн Кытайга жөнөп кетишти. Орусиялык эксперттер майы агып калган кабелдерди оңдоого мүмкүн же мүмкүн эместиги боюнча чечим чыгарышат. Бул иш жок дегенде дагы 2-3 жуманы талап кылат. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу электр энергиясын жакынкы мамлекеттерден сатып алуу каралууда. Учурда бир күндө 6 миллион киловатт бизге жетишсиз болууда”,- деди Калиев.

Мындан тышкары ал электр энергиясы импорттолгонго чейин кошумча киловаттар Токтогул ГЭСинде суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү , ылдыйкы ГЭСтердер алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Gulya21
2015-12-29 15:50:03
Жакшы сатып алат экенсинер карзга албай эми электр энергиясы жакшы эле кымбаттайт экенда озубуздо бар нерсени да эптеп иштете албайсынар соз жок силерге эмне соз айтыштыда билбедим
0
Sanu
2015-12-29 15:56:24
Эмне эле свет очуп жатат десе...Корсо авария экен да или?
+1
Kgtalgat
2015-12-29 16:09:41
Авария бир щылто сууну сатып жатпайбы
+2
edu.kg.
2015-12-29 16:18:30
Атайын эле иштелген ойунго акча жасаш учун,эми коншулардан 2сомдон алышса элге 4сомдон сатышат. Ар бир киловаттан 1-2сомдон чонтоко урушат мындан башка вариант жок.Электр энергиясын калкка жеткируу бойунча ортододон пайда болгон ортомчу мындайча айтканда абадан акча жасаган компаниялар бар экен 28дей. Ал компаниялар окмоттон 20-28тыйынга чейин алып,элге 70тыйындан 2сомго чейинсатышат экен. Бул компаниялар кимдики? Албетте жогоруда иштеген чиновниктердики. Буларды козомолдогон бирда адам органжок
+2
Take_men
2015-12-29 21:20:43
edu.kg., плюс басайын деп минус басылып кетти.
-1
ukmuw-ukmuw
2015-12-30 03:24:10
Take_men, ой кечир минус басылып кетти
0
zikirovna
2015-12-29 16:24:03
ТоктогулГЕСин ушинтип жок кылышат да,Сууну сатышат ,Свет кымбаттайт,карапайым элге эле кыйын,пенсия,пасобия алганкуну светчи акам дагы келип,акчанын жарымын алып кетет светке деп Ошо менен отуруп каласын НАН менен чай ичип булар ОЗУ эмнени ойлонушат жеп жутар акмактар!
-1
Rifle_2
2015-12-30 09:27:57
zikirovna, эмне деп эле жазып койдуңуз ?
0
elgiz0890
2015-12-29 16:41:50
Кимге жакпаса комментарии окупбай отуп кете бер мен бакиевти кубалаган адамдарды жек кором бакиев мыкты президент болчу экен аттин ай ошол адам кыргызга куйгон адам болчу экен
+1
Kgtalgat
2015-12-29 18:41:29
elgiz0890, 1000% Кошулам
+1
aikokul14
2015-12-29 18:56:45
elgiz0890, мага жакты эле окуп койдум
+1
zikirovna
2015-12-29 16:48:52
Аз калыптыр АШАнын Турцияга кетишине
+1
KGstan81
2015-12-29 16:53:06
Коросунор эми ошол ававрияга тонкоп электро энергиянын тарифин кымбаттатышат.Анан бутундой айыпты Бакиевке тонкошот 2005-2010ж.ж. агрегаттарды алмаштырышкан жок деп.
+3
Bereke10
2015-12-29 17:03:32
Дааа, жаны жылга карата элге "жакшы" белек экен! Жайында эле Токтогул ГЭСи ремонт болуп жатат деп светтерди очуруп жатышпадыбеле. Энергетика министри баш болуп министрликти соруп отурган кызматкерлерге БАЛИ! Министр за халатность жоопко тартылышы керек, кыштын чилдесинде ушунча элди жарыксыз калтырганы учун.Майрам кундору очпойт деп коюшат дагы. Андан кийинчи? Эмне кылабыз. Же чакаларга толтуруп камдап ала албасак. Этажкада тонуп олот экенбиз да.Акыбалыбыз ушу анан дагы 16-20 кабат уй курушат
+3
aastra__
2015-12-29 17:08:26
Токтогулда аварияга чейин эле очуп турчу эле эми эмне болот экен
0
Bereke10
2015-12-29 17:28:48
Кыйратып,жыргатып атабыз эле дешет министрлер.Кана?Жок дегенде озубуздогу энергияны эптеп элге жеткирип беришпейт.Отопления болсо олбо жаным олбо болуп зорго эле жылыйт. Свет очкону очкон.Деги Кыргызстан качан карангылыктан кутулат? Качан болсо эле койгой тугонбойт. Кыргызстан эмес эле Койгойстан болуп калды!
0
Mongol1155
2015-12-29 18:37:05
Датка Кемин курулса эле укмуш болот деп журушподу беле.Корсо аякты да тоношкон го,себеби жакында эле ремонт иштери журбоду беле?
-2
Oke
2015-12-29 18:44:22
Тезек тергиле деп эскетпей эле жылма алдаганды билишет го булар... Убак саатынар жетип калды окшойт..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан