Кыргызстанда өткөн суткада 17 өрт кырсыгы катталды

Өткөн суткада Кыргызстанда 17 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Айтылгандай, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 6, Нарын облусунда 1, Ош шаарында 2, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы болгон. Маалым болгондой, өрттүн кесепетинен Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы “Нур шоола” балдар бакчасы толугу менен күйүп кеткен. “Кырсык саат 04:00 чамасында болгондуктан, бакчада балдар жок болчу. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда”,- деди Танабаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан