Адис: "Токтогул ГЭСин модернизациялоо долбоорунун 1-фазасы аяктаган"

Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча долбоордун 1-фазасы аяктаган. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйынында “Электр станциялары” ишканасынын башкы директорунун орун басары Узак Кыдырбаев билдирди. Анын айтымында, былтыр Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча атайын жаңы долбоор иштелип чыкан.

Анын 1-фазасына ылайык тендер өткөрүлүп, Токтогул ГЭСине трансформаторлорду жана кабелдерди алып келүү 2017-жылга каралган. Учурда аварияга байланыштуу бул жабдыктарды андан эртерээк алып келүү боюнча тендерди уткан компания менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жаңы долбоорго ылайык, 2019-2021-жылдары Токтогул ГЭСи толук реконструкциядан өтүшү керек болчу. Аталган долбоор 6 жылда ишке ашат деп эсептелген, анткени ГЭС иштөө режиминде оңдолмок. Бул процесс элге билинбей, электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип аткарылышы керек”,- деди Кыдырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_2
2015-12-29 19:05:27
ГЭСти модернизация кылып бүткөндө , суу жок болуп калбайбы ? Суунун көлөмү жылдан жылга азайып жатат. Жолдон ары бери өткөндө көрүп жатабыз. Мөңгүлөрдү да кумтөрдө талкалайбыз деп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан