Кечээ, 29-декабрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын улуттук классикалык күрөш боюнча биринчилиги (Лейлек күрөшү) болуп өттү. Анда жалпысынан 8 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке өлкө аймагынан күчтүү делген балбандар катышты. Жыйынтыгында Руслан Закир уулу (57 килограмм салмакта), Адылбек Эгемберди уулу (62 кг), Алымбек Сапаров (68 кг), Манас Сүйүнүчбеков (74 кг), Эсенбек Кудайбердиев (82 кг), Анвар Маматкулов (90 кг), Нургазы Тойчиев (100 кг) жана Улукбек Исамидинов (100 килограммдан жогорку салмакта) сыяктуу балбандар өз салмактарында жеңүүчү аталып, алтын медалдарды тагынышты.