Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары 1-январдан 3-январга чейин убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан 30-декабрда билдиришкендей, мындай сунушту Кытай тарап Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу киргизди. Аталган пункттардан жүк ташуучу автоунаалар жана адамдар 4-январдан тарта өткөрүлө баштайт.