Бразилиялык футболчу Роналдо: “Пеле менен Марадона бизге караганда мыкты футбол көрсөтүшкөн”

Бразилия курама командасынын мурунку чабуулчусу Роналдо “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Месси жана “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду тууралуу ой бөлүштү. Анын айтымында, Месси - учурдун мыктысы.

“Криштиану Роналдуну жаман деп айтууга болбойт. Эки футболчу тең мыкты, бирок Мессинин майдандагы иш-аракеттери таасирдүү көрүнөт. Кезинде Пеле менен Марадона бизге салыштырмалуу мыкты деңгээлде ойношкон”,- дейт Роналдо.

Кошумчалай кетсек, Роналдо дүйнөнүн мыкты футболчусу катары “Алтын топ” сыйлыгын 2 ирет алган. Ошондой эле Эл аралык футбол федерациясынын версиясы боюнча мыкты футболчу катары 3 ирет сыйланган. Бул эки сыйлык 2010-жылы бириктирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан