Таза суунун тартыштыгынан айрым аймактарда ич келте, ичеги ооруларынан жабыркагандар көбөйүүдө

Кыргыз мамлекетинде жалпы 1139 суу түтүгү бар. Саламаттыкты сактоо министрлигине таянсак, калктын 84 пайызы, айылдардын 600 миңден ашык тургуну таза суу менен камсыздалса, 514 миң тургун сууну ачык булактардан алат.

Бишкек жана Ош шаарларынын четиндеги жаңы конуштардын көбүндө таза суунун жоктугу коркунуч жаратып жатканы айтылат маалыматта. Чоң-Алай району 23,5 пайызга, Кара-Кулжа району 38,7 пайызга, Өзгөн району 45,6 пайызга, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району 17 пайызга, Аксы району 30,8 пайызга, Ала-Бука району 36,5 пайызга, Майлуу-Суу шаары 63 пайызга таза суу менен камсыздалган.

Суу тартыш айылдардын тургундары сууну тазаланбаган ачык көлмөлөрдөн алып колдонушат. Мындан улам ич келте, ичеги, мите оорулары жана сарык менен ооругандардын саны көбөйүүдө. "Коомдун ден соолугун чыңдоодогу негизги көйгөйлөрдүн бири калктын ич келте оорусуна чалдыкканы болуп жатат. Бул инфекция менен ооругандарды анализдөөдө 2003-жылдан бери ичеги инфекциялары жогорку деңгээлде, өзгөчө Жалал-Абад облусунда көп болгону аныкталган",- деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан