Орусиянын Великий Устюг шаарындагы Аяз атанын расмий өкүлү Сергей Рычков саякаттап Бишкекке келгенин мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, ал бир нече жылдан бери Великий Устюг шаарына кат жазган балдарга белек тапшыруу миссиясын аткарып келет.
Сергей Рычков барган шаарлардын социалдык борборлору, балдар үйлөрү, көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн кайрымдуулук иш-чараларын өткөрөт. Ал Кыргыз Республикасына алгачкы жолу келди. Бишкекте эки күн болуп, андан соң Ысык-Көл жана Ошко барууну пландап жатат.
Борбор калаанын тургундары үчүн Аяз атанын өкүлү мэрияга балаты белек кылды. Аны "Тазалык" кызматкерлери борбордук көчөлөрдүн бирине отургузушат.