Түркиялык футболчу Арда Туран жарым жылдан кийин ойноп баштайт, ал "Барселонада" №7-футболканы тандады

Түркиялык футболчу, жай айларында испаниялык "Барселона" футболдук клубунун катарына кошулган Арда Туран 1-январдан тарта майданга чыга баштайт. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлайт.

Ал "Барселонанын" курамына өткөнү менен, клубга оюнчуларды каттоого тыюу салынгандыктан, 6 айдан бери майданга чыккан эмес. Ардага майданга чыкканга 1-январдан тарта уруксат берилет. Ошондой эле ал клубда №7-футболканы тандады. Акыркы жылдары бул номурдагы футболка менен Давид Вилья, Алексис Санчес, Педро Родригес сыяктуу футболчулар ойноп келишкен.

Арда клубга жаңы келгенде команда лидери Лионель Месси өзү алып жүргөн №10-футболканы Ардага берүүгө даяр экенин билдирген. "Месси мага 10-номурду берүүгө макул экенин айткан. Мен муну мага болгон сый катары кабыл алдым",- деп билдирген футболчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
maku88
2015-12-30 23:35:10
менин жакшы коргон саным гоо раналдо дагы номер жетиде ойнойт эн жакшы коргон ойунчум
+2
Sobr777
2015-12-31 00:46:21
Сан эч нерсени чечпейт. Мода учун эле башты оорутат
0
T.Shaiyrbek
2015-12-31 01:58:56
Sobr777, сиздин 777 да моодабы))
0
Sobr777
2015-12-31 09:10:55
T.Shaiyrbek, мен футболист эмесмин. Анан 777 бул туулган айым жылым
0
namazbek__92
2015-12-31 02:02:58
Арда Туранга Барсадагы иштерине ийгилик.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан