Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) калысы Бахадыр Кочкаров Даңк медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 31-декабрда кол койду. Кочкаров көп жылдан берки эмгеги, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий жөндөмүн бекемдөөгө кошкон салымы үчүн сыйланды.
Кошумчалай кетсек, Б.Кочкаров өзбекстандык калыс Равшан Ирматовдун бригадасына кирип, 2 Дүйнө чемпиондугунда (2010-жылы жана 2014-жылы) анын ассистенти катары кызмат кылган. Бул калыстар Дүйнө чемпиондуктарынын тарыхында эң көп оюнду тейлеген калыстар катары рекорд жаратышкан (9 оюн). "ЮАР-2010" Дүйнө чемпиондугунан кайтып келгенде Б.Кочкаровго "Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген ишмер" наамы берилген.