Футзал боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Андрей Полховский кеңейтилген курамды жарыялады. Азия чемпиондугуна даярдана турган кураманын кеңейтилген курамына 20 футболчу кирди.
Курамда Николай Шамонин, Марлис Дегимбаев, Нуржан Жетибаев, Рустам Ермеков, Руслан Ермеков, Эмил Канетов, Мирланбек Абдыкадыров, Канимет Аралбаев, Данияр Абдыраимов, Уланбек Байгазы уулу, Максатбек Алимов, Эркин Табалдиев, Евгений Малинин, Азамат Аскарбек уулу, Таалайбек Жуматаев, Азат Исабеков, Ильяс Чотбаев, Акпаралы Данибаев, Кирилл Ермолов, Дилшат Кадыров сыяктуу футболчулар бар.
Кошумчалай кетсек, оюнчулар медициналык кароодон өткөндөн кийин 14 футболчу тандалып алынат. Андан соң курам 25-январдан 7-февралга чейинки аралыкта Москвада машыгуу сборунан өтөт. Ташкентте өтө турган Азия чемпиондугуна курам Москвадан ары жөнөп кетет.