Жалал-Абадда мурда самса жасап иштеген жигитти "адамга бычак менен кол салган" деген шек менен издеп жатышат

Жалал-Абад ШИИБинин кызматкерлери адамга бычак менен кол салган жигитти издеп жатышат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-январда милицияга Жалал-Абад шаарынын эки тургуну - "Мата" фабрикасынын күзөтчүлөрү кайрылып, азиат улутундагы белгисиз бала аларды бычак менен бир нече жолу сайганын айтышкан. Милиционерлер окуя болгон жерге барышып, төмөнкү фактыларды аныкташкан: 1-январга караган түнү шаардын Спутник кичи районунда ууру төрт унаанын эшигин ачкан. Таңкы саат 04:00 чамасында жергиликтүү тургун өзүнүн унаасынын жанынан белгисиз жигитти байкап калган. Аны кармоо учурунда жигит бычак колдонуп, жабырлануучунун бутуна сайган. Андан соң ал качып баратып фабриканын аймагынан күзөтчүлөргө карата бычак колдонгон.

Учурда милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жигитти издеп жатышат. Анын мурда кафеде самса жасап иштегени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tenteeeshka
2016-01-03 20:13:13
Тушунуктуу
0
Ulan-Ismailv
2016-01-03 20:41:21
Кармаш керек.
0
Rifle_2
2016-01-03 21:57:38
:) мурда кафеде самса жасап иштеген болсо, бычак колдонгонуна эмне тиешеси бар ?
Же самса жасап жүрүп бычак сайганды үйрөнгөнбү ? Теманы да бири бирине байланыштырбай жазып койгондой.
+4
ulan.zhoroev
2016-01-03 22:57:46
Rifle_2, мурда бул адам самса жасап иштеп жургон деп айтып жатат теманы шашпай акырына чейин окусан азыр эми ошол самса кананын чонунан сураштырса ким экендиги анык болот
+1
Ern
2016-01-04 00:16:20
Өзбек окшойт менимче
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан