Бүгүн, 4-январда футбол боюнча өлкөнүн жаштар курама командасы (21 жашка чейинкилер) Москвага учуп кетти. "Шериктештик Кубогуна" катыша турган бул курам аталган мелдешке тиешелүү даярдыктарды көрүп, машыгуу сборунан өтмөкчү. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлады.
9-январда футболчуларыбыз "Сатурн" футболдук клубуна каршы жолдоштук беттеш өткөрүшөт.
Кошумчалай кетсек, "Шериктештик Кубогу-2016" мелдеши 17-23-январь аралыгында Санкт-Петербург шаарында өтөт. Мелдеш бул жолу 8 мамлекеттин олимпиадалык курамаларынын катышуусунда өтөт. Тактап айтканда, анда жалаң 21 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн курамалар ойнойт. Кыргыз мамлекетинин жаштар курама командасы "A" тайпасында Беларусь, Казакстан жана Молдова клубдары менен оюн өткөрөт.