Жаңы жыл түнү 19 жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 4-январда Республикалык жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.
Маалыматка ылайык, Жаңы жыл түнү катталган жол кырсыктарынын натыйжасында 29 адам ар түрдүү жаракаттарды алган.
"Майрам күндөрү Жол-кайгуул кызматы күчөтүлгөн режимде иш алып барды. Жалпысынан 400дөн ашуун жол эрежелерин бузуу фактысы катталып, 13 мас абалдагы айдоочу кармалды. Ал эми акыркы 3 күн ичинде 41 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болсо, 50 адам ар түрдүү жаракаттарды алды",- дейт
Т.Оторов.