Ош шаарында 19-декабрдан бери белгисиз болуп жаткан аял изделүүдө

Ош шаарында 19-декабрдан бери белгисиз болуп жаткан Малика Игамбердиева изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.

"Тилекке каршы, издөө иштери азырынча натыйжа бере элек. Анын үстүнө адам жоголгондо туугандары канчалык эрте арыз жазса, ошончолук издөө иштерине жакшы. Малика Игамбердиеванын туугандары анын жоголгондугу тууралуу арызды 10 күндөн кийин, 29-декабрда жазышкан. Учурда ал аялдын жоголгону же жоголбогону, анын мүнөздөмөсү толугу менен изилденип жатат",- дейт Сыдыков.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Игамбердиеваны көргөн-билгендер болсо кабарлап коюуну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан