Кемин районунда адам өлтүрүү фактысына шектелген киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, адамдын жансыз денеси Калмак-Ашуу айылынан табылган. Иликтөө иштеринин алкагында маркум 56 жаштагы А.Э. экендиги жана ал төшүнө сайылган бычактан жаракат алып каза тапкандыгы аныкталган. Кылмышка шектүү катары 45 жаштагы Т.З. атуу адам кармалып, учурда ага карата "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары улантылууда.