Бишкекте 57 команданын катышуусунда футзал боюнча "Наристе-2016" мелдеши старт алды

Кечээ, 3-январда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда футзал боюнча "Наристе-2016" Эл аралык мелдеши старт алды. Мелдешке мамлекеттик органдардын командалары, 35-45 жаштан жогорку курактагы ардагерлер катышууда.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке быйыл 57 команда катышып жатат. Алардын үчөөсү казакстандык командалар болсо, калган командалар өлкөнүн бардык аймактарынан чогулган.

Жеңүүчүнү аныктоодо командалар тайпаларга бөлүнүп, өз ара ойноп чыгышат. Жыйынтыгында кийинки баскычка чыккан командалар аныкталат. Кийинки баскычта утулуп калган команда мелдештен четтесе, уткан команда чемпиондукка карай жолун улай берет.

Мелдеш 10-январга чейин уланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
EAmirbek
2016-01-04 20:30:52
35-45 жаштагы наристелер дейби )))))
0
Gulya.akbaralieva
2016-01-05 01:01:33
EAmirbek, андай эмес))) наристе-2016 фут зал деп турат
-1
EAmirbek
2016-01-05 01:28:47
Gulya.akbaralieva, футзал экенин сенден жакшы билем, бирок, наристе 2016 деп аталган сон жок дегенде 15 жаштан ашпаган жаш балдарды ойнотуп, спортко кызыктырышса болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан