Бүгүн, 4-январда Бишкекте волейбол боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасында өтүүчү "Бурганак" Лигасынын экинчи баскычы старт алды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке жалпысынан 10 команда катышууда. Азырынча командалар эки тайпага бөлүнүп ойноп жатышат. Кийинки баскычка чыккан командалар чемпиондукка карай сапарларын улашат.
"А" тайпасына "СДЮШОРСИ Салам-Алик" (Бишкек), "Ат-Башы-1" (Нарын), "Ала-Тоо" (Аламүдүн району), "Манас" (Кара-Балта), "Волна" (Беловодск) командалары болсо, "В" тайпасында "Ата-Кенч" (Каракол), "ДЮСШЮР" (Ош), Нарын району, "Ат-Башы-2" (Нарын), "Чүй" (Токмок) командалары бар.