4-январда испаниялык "Реал" футболдук клубу башкы машыктыруучусу Рафаэль Бенитести кызматтан алды. Ушул эле күнү анын ордуна Зинедин Зидан дайындалып, журналисттерге тааныштырылды. SUPER.KG порталы күйөрмандар тарабынан көптөн күтүлгөн бул окуя тууралуу төмөнкү кошумча маалыматтарды сунуштайт.
МАДРИДДИК “РЕАЛ” НАЧАР ЖЫЙЫНТЫКТАРДЫ КЕЧИРБЕЙТ
2015-жыл. “Барселона” бардык мелдештерде чемпиондукту камсыздады. “Реалдын” күйөрмандары болсо көзү кылгыра карап отургандан башка арга табышкан жок. Иликтей келип, команданын ийгиликке жете албай жатканы машыктыруучу менен байланыштуу деген пикирге келишти. Акыры клуб жетекчилиги элдин “тепкисинде” калбоо үчүн күйөрмандардын пикири менен эсептешкенге мажбур болду. Тактап айтканда, Рафаэль Бенитести кызматтан алды.
Ооба, “Реалдын” башкы машыктыруучусу болуу - чоң жоопкерчилик. Сен машыктыруучусуң, демек, сенде жаңылууга, жаман оюн, жаман жыйынтык көргөзүүгө, күйөрмандарды нааразы кылууга кымындай укук жок. Анткени клуб жыл сайын бардык мелдештердин чемпиону болууга аракет кылат.
РАФАЭЛЬ БЕНИТЕС КҮЙӨРМАНДАРДЫН ЧЕКЕСИН ЖЫЛЫТА АЛГАН ЖОК
Рафанын клубду машыктырып баштаганына 7 ай убакыт болду. Эстеп көрөлүчү, анын 7 айда кандай окуялар менен элдин эсинде калганын. Ооба, Испания чемпиондугунда клуб 17 оюн өткөрүп, 3 ирет жеңилүү ызасын тартты, 4 ирет тең эсепте ойноду. Буга катар машыктыруучунун катасынан улам клуб Испания кубогунан четтетилди. Элдешкис атаандашы “Барселонага” өз үйүндө 0:4 эсебинде утулду. 2016-жылды болсо “Валенсия” менен 2:2 эсебинде тең ойноо менен баштады. Демек, анын кызматтан алынуусун “күтүлбөгөн окуя” деп атоого болбойт.
КЫЗМАТТЫ САРГАРА КҮТКӨН ЗИДАНГА КЛУБ “ШАНС” БЕРДИ
“Реалдын” күйөрмандары жана акчасы көп. Клуб каалаган машыктыруучусун кызматка чакыра алат, бирок бул жолу Флорентино Перес атактуу франциялык футболчу Зинедин Зиданга “шанс” берүүнү чечти. Буга чейин команда лидерлеринин бири Криштиану Роналдунун “Же мен командадан кетем, же Бенитес кетсин!” деп айтканы катуу талкууга алынган. Роналду бул сөздү “Барселонага” 0:4 эсебинде утулган соң айткан. Испаниялык басылмалар оюнчулардын Бенитеске каршы экенин, алар Зиданды машыктыруучулук кызматта көргүсү келгенин көп ирет жазышкан. Демек, бул оюнчулардын да пикири менен эсептешкендик...
Зизу болсо жыйынтыкты жакшыртуу, команданын ынтымагын бекемдөө, күйөрмандардын клубга болгон ишеничин кайтаруу максатында жолго чыкты. Кезинде өз оюну менен бардык сынчылардын оозун жапкан Зидан машыктыруучулукта өзүн кандай көрсөтөрүн сезон соңунда байкайбыз. Келиңиздер, ойлонуп көрөлү, Зидан элди сүйдүрүү үчүн сезон аягына чейин эмне кылышы керек?
1. “Барселона” менен “Атлетикону” кууп жетиши керек. Мелдеш жадыбалында “Реал” 37 упайы менен 3-орунда келүүдө. Айырма өтө чоң эмес, болгону 4 гана упай.
2. Чемпиондор Лигасында жарым финалга жетиши керек. “Реалдын” күчтүү курамын карап отуруп клубдун ийгилигине ишенүүгө болот. Демек, Чемпиондор Лигасында жарым финалга чыгышы керек.
3. Эль Класикодо “Барселонаны” утушу керек. “Барса” быйыл конокто “Реалды” 0:4 эсебинде утуп, өзүнө болгон ишенимди арттырды. Зидан эми реванш алышы керек.