Грек-рим күрөшү боюнча улуттук кураманын жаш балбандары Бишкекте машыгуу сборунан өтүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 30-декабрда башталган сбор 14-январга чейин уланат. Машыгуу сборуна карата аталган агенттиктен 480 миң сом каражат бөлүнгөн.
Курамда Адилет Таалайбеков, Таалайбек уулу Эльмар, Имур Жунусов, Халмурат Ибрагимов, Каледин Асекеев, Кубат Мамбетов, Калы Сулайманов, Жоломан Шаршенбеков, Эльдияр Сатаров, Нузур Топчубаев, Фурхат Сейдазимов, Ильяс уулу Ринат, Рустам Рахматуллаев, Роман Ким, Роман Муратов, Узур Жусупбеков, Камил Жумаза, Азиз Муса сыяктуу балбандар бар.