Өлкөнүн жаштар курамасы "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине Москвада даярданып жатат

"Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине катыша турган өлкөнүн жаштар курамасы даярдыкты Москвада көрүп жатат. Футболчуларыбыз москвалык "Динамо" футболдук клубунун базасында кечээ, 4-январда алгачкы машыгуусун өткөрдү.

КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, мындан ары 4 күн катары менен машыгуулар күнүнө 2 жолудан болот.

Кошумчалай кетсек, аталган мелдешке 21 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамалар катышат. Мелдеш 16-24-январь аралыгында Санкт-Петербург шаарында өтөт. 8 команда катыша турган мелдеште кыргыз футболчулары "А" тайпасында Беларусь, Казакстан жана Молдова курамалары менен ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Chubak3922
2016-01-05 19:01:12
Ийй уталы
+1
MAN-CITY
2016-01-05 19:55:06
Москванын клубтары Москваны суук деп Дубайда машыгып жатышса биздикилер Москвага барат
0
Muha86
2016-01-05 22:36:35
MAN-CITY, Сен Дубайга акча берип турсан ал жака барыш проблема эмес)))
+1
MAN-CITY
2016-01-05 23:13:47
Muha86, Мен обязательно Дубайга барсын деген жокмун, башка жылуурак жер жок бекен дегеним, орустардан бир аз уйронбу десен орустар оздору жарытып ойношпойт футболду
0
Muha86
2016-01-05 23:24:10
MAN-CITY, Баары алдыда. Кудай буюруп Кыргызстандын кирешеси Оруссияныкына жетсе, жылуу жакада барабыз)). Эн башкысы журоктогу женишке болгон ишенич!!!
+1
mamashov-emil
2016-01-05 23:45:06
fudbol kaisy olkodo je shaarda bolso osho olkogo je shaarga jakyn jerde mashyguusun otkorot sebebi oshol jerdin abasyn klimatyna organizm konush kerek eger ushul oiun dubai jakta bolso arab olkoloru jakta mashyguu sborun otkormok, bul jashtar kuramasynda bizdin sbornyida oinogon eki fudbolist bar anan dagy uktaina tursia oinogon poluzashitnik napadaiushiyler bar buiursa prizovoi mestaga jada kalsa chempion bolgongo shans bar
+1
logitech83
2016-01-06 01:10:52
Ошол Москвага деле анча акча кетип атат, гостиница тамак аш, жолкире кетет.Ошону КРда эле машыкса боло берет
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан