"Алай" футболдук клубу машыгуу сборун Түркияда өткөрмөкчү

Футбол боюнча өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо турунда ливандык “Триполи” клубу менен беттешет. Беттеш 9-февралда Ливанда өтөт. Оштон чыккан клуб бул мелдешке кызуу даярдык көрүп жатат (кечээ клубдун курамына кошулган футболчулардын тизмесин жарыялаганбыз).

Клуб машыгуу сборун 2-январда баштаган. Команда азырынча Ош шаарында. SUPER.KG порталына команданын медиа-офицери Кубанычбек Ураимов билдиргендей, команда 7-январда Түркиянын Самсун шаарына учуп кетет. "Түркияда машыгуу сбору 13-январга чейин уланат. Анда жергиликтүү клубдар менен 2 жолдоштук беттеш өткөрүүнү пландап жатабыз",- дейт Ураимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
T.Shaiyrbek
2016-01-06 10:20:48
Демоорчу чыккан окшойт.Алга Алай,алга ОШ!
+1
NARYNGRAD
2016-01-06 13:25:58
Футболкаларын тескери кийип алышкан го? :-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан