"Жаңы муун" командасынын өкүлү Оңолбек Каныбек уулу жана Улуттук гвардиянын волейбол командасынын оюнчусу Алтынбек Турдубаев КРнын Волейбол федерациясы тарабынан 2015-жылдын мыкты волейболчулары болуп табылышты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, федерация жыл ичинде 3 ири мелдеш уюштурган. Буга катар кыргыз волейболчулары 2015-жылы Бангладеште өткөн Азия чемпиондугуна жана Орусияда диаспоралар уюштурган мелдешке катышкан.
Оңолбек Каныбек уулу ысык-көлдүк "Жаңы муун" командасынын курамында өлкө чемпиондугунда 2-орунду ээлеп, Ысык-Көл оюндарында жана Республикалык Спартакиадада алтын медалды багындырган. Ал эми Алтынбек Турдубаев Ысык-Көл оюндарында күмүш, Спартакиадада коло медаль тагынган.