Жакында аэропорттон кармалган кылмыштуу чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү Улан Токтосунов (лакап аты Сакал) Нарындагы №24-СИЗОго которулду. Маалыматты SUPER.KG`ге Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты. Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлүн Нарынга которууга Бишкектин Биринчи Май райондук соту чечим чыгарып бергени айтылды.
Эскерте кетсек, Улан Токтосунов 2015-жылдын 19-декабрында саат 04:30 чамасында Стамбул-Бишкек каттамы менен кыргыз жерине учуп келгенде кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигине каттоого алынган.
Улан Токтосунов 1978-жылы Талас облусунда туулган. Спорттук мектепти аяктаган, Кара-Балта шаарында жашап келген. "Бейбаштык", "өз балдарын камсыздоодон баш тартуу", "соттун чечимин аткарбоо" беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2015-жылдын май айынан тартып "Дамке" аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрдү" деген шек менен ага эл аралык издөө жарыяланган.