Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубунун башкы машыктыруучусунун кызматын убактылуу Айбек Татановду аркалайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына машыктыруучу өзү кабарлады.
Маалыматка ылайык, 31-декабрда буга чейин команданы машыктырып келген Владимир Власичев менен келишим аягына чыккан.
"1999-жылдан 2013-жылга чейинки аралыкта мен "Алай" футболдук клубунда ойногом. Ортодо бир жыл "Жаштык Ак-Алтын" командасында ойнодум. 2013-жылы карьерамды аяктаган соң аталган клубда администратор болуп иштедим. Акыркы 2 жылда машыктыруучунун жардамчысы катары эмгектендим. Машыктыруучу катары D жана С категорияларынын ээсимин",- дейт А.Татанов.
Кошумчалай кетсек, "Алай" ушул жылдын 9-февралында АФКнын Кубогунун тандоо турунда ливандык “Триполи” клубу менен беттешет. Беттеш Ливанда өтөт. Дал ушул оюнда жеңип чыккан команда АФКнын Кубогунун тайпалык баскычына жолдомо алат.