2015-жылы республика боюнча өрт кырсыгы Чүй облусунда көп катталган

Өткөн жылы өлкө аймагында катталган өрттөрдүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жалпы 1102 өрт катталып, анын кесепетинен 16 адам каза болгон. Бишкек шаарында 828 өрт катталып, андан 8 адам каза тапкан. Ош облусунда 535 өрт катталып, 3 адам каза болгон, Жалал-Абад облусунда 512 өрт кырсыгы катталып, андан 5 адам көз жумган. Ал эми Ысык-Көл облусунда 344 өрт кырсыгы катталса, анын кесепетинен 4 адам каза болгон.

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу - 40,5 пайыз, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 27,4 пайыз, балдардын от менен ойноосунан - 9,7 пайыз, мештерди жана морлорду этиятсыздык менен колдонууда 7,5 пайыз өрт кырсыгы орун алган. Өрттүн 52,2 пайызы турак жай секторунда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dasta
2016-01-06 16:17:07
Кудай сактап 2016- жылы болбой еле койсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан