"Ишенип берилген мүлктү негизсиз сарптоо же өзүнө өткөрүп алуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" ,"бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу" беренелери боюнча Коргоо министрлигинин жана "Аскер курулуш" ишканасынын жооптуу кызматкерлерине козголгон кылмыш иши боюнча КРнын Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатат. Соттук-курулуш экспертизалары дайындалып, каржы-чарбалык иштерди иликтөө боюнча Эсептөө палатасы кароодо. Жыйынтык чыккандан кийин кылмыш иши боюнча өтүп жаткан жооптуу кызматкерлердин ишине юридикалык жактан баа берилет. Алдын ала маалыматтарга караганда, мамлекетке 10 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу 6-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын 12-октябрында мурунку коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, министрликтин жооптуу кызматкерлери, "Аскер курулуш" ишканасынын жумушчуларына коррупциялык схемалар боюнча кылмыш иши ачылган.
2014-жылдын август айында "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.К., Коргоо министрлигинин Каржы башкармалыгынын башчысы Ш.М. жана коргоо министринин орун басары Н.Ж. даярдаган документтерге ылайык, коргоо министри А.Кнын буйругу менен "Аскер курулушу" ишканасына министрликтин атайын каражаттарынын эсебинен 12 миллион сом акча насыя катары 2 жылга мыйзамсыз берилген. Көрсөтүлгөн акча каражатынан 2 миллион сом "Ояма", 3 миллион сом "Айти-Булак", 7 миллион сом "ЖКХ Коммунальщик сервис" ишканаларынын эсебине которулганы аныкталган. Жогорудагы ишканалардын "Аскер курулуш" ишканасына болгон дебитордук карызы 58 миллион 618 миң сом экени жана фирмалардын директорлору "Аскер курулушта" айдоочу, цехтин мастери, сантехник болуп иштеп келишкени белгилүү болгон.