Акыйкатчы институту Турсунбек Акунду 300 миң сом төлөтүү боюнча соттошууда

Акыйкатчы институту мурдагы омбудсмен Турсунбек Акунду 299 644 сом төлөтүү максатында соттошуп жатат. Соттук отурум 26-январда өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, Турсунбек Акун 2008-2013-жылдары акыйкатчы болуп иштеп турганда 7 кызматкерди кызматтан алган. Кызматкерлер сот аркылуу кайрадан жумушка орношуп, иштебей бош жүргөн убакыт үчүн Акыйкатчы институтуна компенсация төлөтүшкөн. Натыйжада 7 кызматкерге 1 миллион 608 366 сом төлөнүп берилген.

"Өткөн жылдын 27-апрелинде бул окуя боюнча Т.Акундун үстүнөн арыз жазылган, бирок ал соттук процесстерге келбей, соттук отурум болбой келген. Биринчи соттук отурум Свердлов райондук сотунда декабрда каралды. Ал бир кызматкерге компенсация катары берилген акча каражатын (299 644 сом) төлөп бериши шарт. Негизи, үч жыл аралыгында арыз жазуу керек экен. Эскирүү мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 6 кызматкерге төлөнгөн каражатты кайтарууга мүмкүн эмес экен",- деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_2
2016-01-06 17:04:54
Силер соттошуп жүрө тургула, карапайым элге тийишбей. Эл бир аз байып алсын.
+2
STAN_KG
2016-01-07 13:24:41
Эмне үчүн негизсиз кызматтан алган болсо жана аларга иштебей калган айларына айлык акы төлөнүп берилген болсо, алар эмне үчүн кайтарып бериши керек? тескерисинче эч бир жөнү жок жумуштан кетирген Турсунбек Акунду жоопко тартуу керек!
0
bahbrat
2016-01-09 03:14:47
Согунойун дейм банынардан корком. Оногу юрист деген эменеер билбейт бекен, арыздануу мооноту бутуп калышын. Акыйкатчы институтунда бир да толковый юрист жок болсо эмненерге акыйкатчысынар. ........
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан