Казакстандын Петропавловск шаарында жалпы салмагы 100 килограммды түзгөн марихуана менен өлкөбүздүн жараны кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
"Петропавловск шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде саат 22:00 чамасында унаа токтотулган, анын ичинде эки адам болгон. Рулду жергиликтүү тургун башкарып, ал эми унаанын артында 48 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны отурган. Унааны кароо учурунда анын ичинен үч кара түстөгү сумка табылып, андан салмагы 96 килограмм 790 граммды түзгөн марихуана чыкты",- деп айтылат маалыматта.
Учурда марихуана кайдан алынып келингени жана кандай максат менен алынганы аныкталууда. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.