12-16-январь аралыгында Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 1998-1999-жылдары туулган мушкерлер арасында өлкө чемпиондугу өтөт. Бокс боюнча өткөрүлчү бул мелдеш Тарых жана маданият жылына карата уюштурулмакчы.
Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке Бишкек, Ош шаарларынан, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарынан 150 мушкер катышары күтүлүүдө.
Мелдештин жыйынтыгында жаштар арасында февралда өтчү Азия чемпиондугуна, октябрда өтчү Дүйнө чемпиондугуна катыша турган курам бекитилет.