Ысык-Ата районунда кой уурдоого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды

Ысык-Ата районунда кой уурдоого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-январь күнү Кеңеш айылынын 43 жаштагы тургуну анын сарайынан белгисиз адамдар коюн уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Ысык-Ата районунун тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан