Бишкек-Торугарт унаа жолунда төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкек-Торугарт унаа жолунда төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Республикалык жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Бишкек-Торугарт унаа жолунун 126-чакырымында болгон. Анда БМВ 518 үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай каршы тилкеде келе жаткан Форд Фокус үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Анын артында келаткан Мерседес Спринтердин айдоочусу да рулду башкара албай Ауди С4 үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Натыйжада Ауди С4 унаасынын эки жүргүнчүсү Кемин райондук ооруканасынын сынык бөлүмүнө жеткирилген. Учурда унаалар айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karexher
2016-01-06 20:32:34
кудай сакта адамдар сак болсо кэн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан