"Унаа токтотуучу жайдан унаа уурдаган" деген шек менен мурда сот жообуна тартылган адам кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 6-январда билдиргендей, милицияга арыз менен А.Адилет кайрылган. Анда ал белгисиз жаран анын унаа токтотуучу жайдагы унаасын айдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 29 жаштагы К.Руслан аттуу жигит кармалды. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.