Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, террордук топ түзгөн жаран кыргыз жерине атайын тапшырма менен кайтканын билдирди

Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, кыргыз жеринде 16 кишиден террордук топ түзгөн Гиесдин Жамолдинов өлкөбүзгө атайын тапшырма менен кайтып келгенин жергиликтүү телеканалдардын бирине айтып берди.

Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы тургуну Г.Жамолдинов Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, ал жактан психологиялык катуу даярдыктан өтүп келгендиги белгилүү болду. Анын айтымында, ал эл аралык террордук уюмдарда Абдусалах деген каймана аты бар адамдын атайын тапшырмасы менен кайтып келген. Көздөгөн максатына жетүү жана тапшырмаларды аткаруу үчүн ага ири суммадагы акча каражаты жана курал-жарактар да берилген.

"Биздин топтун негизги максаты кыргыз жеринен Сириядагы согуштук аракеттерге кетүүгө тоскоолдук жараткан "ахмадичилерди" жок кылуу болчу. Алар бизге бир топ тоскоолдуктарды жаратышууда",- дейт Г.Жамолдинов.

2015-жылдын 24-декабрында кармалган террордук топтун 16 мүчөсү азыркы тапта соттун чечимин күтүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз жеринен Сириядагы согуштук аракеттерге кетүүгө тоскоолдук кылган жаранды аткылап кетишкен. 22-декабрда саат 22:30 чамасында Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Ю.Абдужалиловду белгисиз адамдар сыртка чакырып, аткылап, андан соң белгисиз жакка качып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
kama_future_millioner
2016-01-07 11:51:15
Буларды жок кылыш керек туп тамыры мн эмесе мамалекетибизге зыяны тиет булардын
+25
aku
2016-01-07 11:56:35
Соттун чечими чыкканча дагы качып кетишпейби булар? Турмого камап буларды бакпастан (дагы качырып ийишет) ХХХ
+7
admin_superstan
2016-01-07 13:24:00
aku,
Эскертүү! Провокацияга жол жок!
-1
Neizvestno777
2016-01-07 11:57:32
Эмнеге кармап отурат буларды?Турмодон качкандарды тынчытышты ар шылтоону айтып,Соттоп отурбай эле атууга окум кылыш керек.
+16
aidai88
2016-01-07 12:17:14
ХХХ ХХХ ХХХ... Анын жомогун угуп отурбай.
+4
aziziko
2016-01-07 12:20:32
aidai88, мен сизге жанылыштык менен басып алдым . Туура айтасыз булардын жомогун укканча ХХХ ХХХ ХХХ...
+4
Meruet84
2016-01-07 12:31:01
Кой терисин жамынган карышкырлар.Ушуга окшогондор Ислам динин каралап жатышат.
+5
beka1207
2016-01-07 12:49:12
Темирдей катуу мыйзам керек бизге
+6
Sizge.kat
2016-01-07 13:05:12
Бул Ибрагим го Сулаймандагы
+2
daniyar84
2016-01-07 13:11:50
Баарын ХХХ
0
admin_superstan
2016-01-07 13:23:02
daniyar84,
Эскертүү! Провокацияга жол жок!
0
aikokul14
2016-01-07 16:25:27
admin_superstan, ощ алдымча коммент жаза албайтам,карап коюнузчу,админ.
0
admin_portal
2016-01-07 16:29:01
aikokul14, саламатсызбы!
Адистер текшерип жатышат.
0
Sobr777
2016-01-07 13:23:38
Мышыка окшоп калыптырго
0
timarama91
2016-01-07 14:02:44
Баарын ХХХ ХХХ ХХХ Кереги жок андай адам туспол жырткычтардын.
+2
admin_portal
2016-01-07 14:54:43
timarama91, aidai88, aziziko - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
more22
2016-01-07 19:08:13
мындайларды камап бакбай эле ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
Kunnur
2016-01-07 20:42:39
Мен тан калган нерсем.кантип чек арадан ушундай курал жарактарды откоруп жиберишет.же булардын аркасынан дагы бир кыйын барбы.эмнеге сирияга барып келгендерге жаза колдонбойт.ошол жака барып кайра бул жакка келгенден кийин ал башка ойдо келди.элге бир дагы балени баштайт.ошолорго омур бою камакта кала турган кылып чечим чыгарса болбойбу.биз озу кичине бир калк болсок.
+2
kaniet
2016-01-07 22:43:12
ХХХ ХХХ
0
admin_portal
2016-01-08 10:09:30
kaniet, more22 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан