31-декабрдан 1-январга караган түнү Германиянын Кёльн шаарында сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо фактылары катталып, жабырлануучу аялдар качкындарды күнөөлөп жатышат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, шаар башкармалыгы күч түзүмдөрүнө кылмышкерлерди кармоо боюнча тапшырма берди. "Жүзгө жакын аял полицияга кайрылып, Жаңы жыл түнү мигранттар тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылганын айтышкан. Ошол түнү шаардын борборунда миңге чукул эркек чогулуп, топторго бөлүнүп, аялдарды курчап, аларды тоноп, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасашкан. Полициянын маалыматы боюнча, бир зордуктоо фактысы катталган. Күнөөлүү деп кармалган айрым адамдар качкындар экени аныкталган",- деп жазышат басылмалар.
Германиянын юстиция министри бул кылмыштар боюнча тергөө иштеринин жыйынтыгын чыгарып, фактыларды аныктоо керектигин айтты. Мындан тышкары ал мигранттарды негизсиз айыптоодон алыс болууга чакырды.
Эскерте кетсек, былтыр согуш болуп жаткан Түндүк Африкадан жана араб мамлекеттеринен миңдеген качкындар Европага качышкан.