Борбордо уурулукка шектелген жигит кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 5-январь күнү милицияга билдирүү түшкөн. Анда белгисиз жаран жаңы конуштардын биринде үйгө уурулукка кирип кармалып калганын айтышкан. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери уурулук кылуу максатында үйдүн эшигин талкалап кирген 27 жаштагы К.Талантбекти алып кетишкен. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.