Эл аралык футбол федерациясы 2015-жылы КРнын Футбол федерациясына 1 миллион 50 миң доллар каражат бөлгөн. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, аталган сумманын жарымы бул жааттагы инфраструктураны жакшыртууга бөлүнсө, 300 миң доллар уландар арасындагы түрдүү мелдештерди өнүктүрүүгө берилген. Ошондой эле 112 500 доллар кыз-келиндер футболуна бөлүнгөн.
ФИФА кайсы максатта канча сумма бөлгөнүн бул жерден карап алыңыз:
Өспүрүмдөр футболу - 35 100 доллар
Уландар арасында түрдүү мелдештер - 300 миң доллар
Кыз-келиндер футболу - 112 500 доллар
Калыстарга - 16 700 доллар
Медицина - 7300 доллар
Футзал жана кумда ойнолуучу футбол - 27 700 доллар
Пландоо жана башкаруу - 50 700 доллар
Инфраструктура — 500 миң доллар
Кошумчалай кетсек, футболду өнүктүрүүгө ФИФА бир катар мамлекеттерге ушундай эле суммадагы каражаттарды бөлгөн. Мисалы, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдүн Футбол федерацияларына да 1 миллион 50 миң доллардан каражат бөлүнгөн.