Токмокто эки саатка дайынсыз жоголгон 5 жашар кыздын зордукталгандыгы экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот

"Токмокто кечээ жоголуп кетип, кийин жер төлөдөн табылган кызды зордукталган деп айтууга эч кандай негиз жок". Бул тууралуу бүгүн, 7-январда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын тескөөчүсү Асылбек Токтомушев билдирди.

"Кечээ саат 17:00 чамасында 5 жаштагы кыз эшикке чыккан бойдон дайынсыз жоголуп кеткен. Окуя болгон аймакка келген милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, 2 саат убакыт аралыгынан кийин жер төлөдөн чыгып келе жаткан кызды көрүшкөн. Андан сураштырганда аны ал жакка чоочун адам алып келгени белгилүү болгон. Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалды, азырынча ал зордукталганын же зордукталбаганын айтууга негиз жок. Айта кетчү нерсе, анын денесинен эч кандай жаракат табылган эмес, кийим-кечеси таза, бүтүн бойдон болгон. Экспертиза дайын болмоюнча эч нерсе айта албайбыз",- дейт А.Токтомушев.

Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, кичинекей кызды жер төлөгө алып кирген киши изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан