Футболчу, учурда канадалык "Монреаль Импэкт" клубунда ойноп жаткан Дидье Дрогба жакын арада карьерасын жыйынтыктап, машыктыруучулук карьерасын баштайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 37 жаштагы футболчу лондондук "Челсинин" учурдагы машыктыруучусу Гус Хиддинктин жардамчысы катары эмгектене баштамакчы.
Кошумчалай кетсек, ал "Челсинин" курамында 2004-жылдан 2012-жылга чейинки аралыкта туруктуу ойноп келген. Ортодо 1-2 клуб алмаштырган соң, 2014-2015 сезонунда кайра клубдун курамына кошулган. Акыркы сезонду ал канадалык клубда өткөрүүдө. Бул аралыкта ал "Челсинин" курамында 164 гол киргизип, 14 чемпиондук наамды уткан (4 ирет Англия чемпиондугу, 1 ирет Чемпиондор Лигасы жана башка чемпиондук наамдар).