Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз ок атуучу курал сактаган жаран кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында Ала-Бука районуна караштуу Кең-Көл айылындагы үйлөрдүн биринен тиешелүү документтери жок 16-калибрдеги ок атуучу курал табылган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Ички иштер министрлиги мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарын өз эрки менен тапшырбагандар жоопко тартыла турганын эскертет.